www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия депутаттары жыйында мушташты

Шаршемби күнү Түркия парламентинин жыйындар залында оппозиция жана бийликтеги партиянын депутаттары мушташа кетти. Бул калайман мушташтын видео тасмасы интернетке тарады.

Түркиянын 2022-жылдагы бюджетин талкуулоо маалында Республикалык Элдик партиясынан депутат Эркан Айдин ички иштер министри Сулейман Сойлудан арам акчаны адалдоого шектелген ишкерге таандык учакты эмне үчүн пайдаланганын сурады.

Министр Сойлу депутат Айдынды калпысы деп атады. Жыйындар залындагы бийликчил жана оппозициячыл депутаттардын бири-бирин кемсинткен сөздөрү, мушташ менен коштолду.

Дүйшөмбү күнү парламентте Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын парламенттеги фракция мүчөлөрү Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун сөзүн бөлүп, сүйлөтпөй, үзгүлтүккө учурата баштаганда да ызы-чуу чыккан.

Кылычдароглы азыркы түрк бийлигинин экономикалык жана каржы саясатын сындап, инфляциянын кесепеттерин жарандарга жүктөгөнүн айыптаган. Оппозициялык саясатчы Эрдоган баш болгон саясий атаандаштарын "уятсыздар" деп атады.

Түркия парламентинде бюджетти талкуулоо учурундагы талаш-тартыштар буга чейин да кагылышууларга алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости