www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбордогу мыйзамсыз объекттерди алууну улантууда.
Маалыматка ылайык, бул жолу Патриса Лумумба көчөсүнөн №94 жана №98 үйлөрдүн жанындагы күркө түрүндөгү жеңил типтеги объект алынды. Ошондой эле түшүндүрүү иштеринен соң Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан гриль сатуучу соода түйүнү өз ыктыяры менен демонтаждалды. Балбан-Таймаш жаңы конушунда Патриса Лумумба көчөсүнүн жана Чоң Чүй Каналынын кесилишинде күркө алынды.
Андан тышкары, Манас көчөсүнүн жана ЧЧКнын кесилишинде күркө алынды, Чүй проспектисинде №75 үйдүн жанында күркө демонтаждалды. Манас проспектисинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №5 корпусунун жанындагы тосмо алынып, натыйжада 106 метр муниципалдык аймак бошотулду.
Бул багыттагы иштер уланууда.
Булак: NazarNews.kg