www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Акылбек мырза, көп жыл каржы жагында иштеген адис катары коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө кандай баа бересиз?

– Коррупция менен күрөшүү жүз жумуштун бири эле. Калган 99 жумуш калып калбашы керек. Бул боюнча президентибиздин жакында эле элге жасаган кайрылуусунда жакшы айтылды. Мисалы, билим берүү тармагы боюнча ачык-айкын айтылды. Бүткүл дүйнөлүк банктын изилдөөсүн карап көрсөм, былтыр биздин 14 жаштагы балдар окуп, кайра айтып берүүдө өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн 18 (!) жылга артта калып калышыптыр. Бул эмне деген акмакчылык! Ал эми математикадан 25 жылга калып калыптырбыз. Эмне себептен деп изилдеп көрсөм, мурда математика жумасына 6 саат окутулса, азыр төрт саат кылып коюптур. Эки саатын болсо коом таануу, дагы бирдеме таанууну киргизип алышыптыр. Саламаттык сактоо тармагында бекер эчтеке жок. Бирок, биз бекер дарылатабыз деп ал жакка да 12-14 миллиард сом кетип атат. Айтор, бюджеттин чыгаша жагын да караш керек. Президентибиз биз эң оболу санариптик экономикага өтүшүбүз керек деп атат. Мен 2012-жылы каржы министри болуп турганда ачык бюджет деп баштаганбыз. Ким канча салык төлөгөнүн мурда эсеп палатасы, депутаттар эле билсе, азыр жалпы эл билип атат. Компьютери, интернети бар киши ар бир тыйынына чейин карап турса эле уурдаганга мүмкүнчүлүк болбой калат. Биз жакынкы аралыкта «санариптик сом», андан сырткары, «боёлгон акча» дегенди киргизели деп жатабыз. Акчага белги коюлуп, канчасы каякка жумшалып, анан канчасы кайра салык эсебинде келгени көзөмөлдөнүп турат.

– Президент кошуналар менен жакшы мамиледе болуу жагын да аябай жакшы айтты окшойт…

– «Кошуналар менен жакшы жашаш керек» дегенди бу киши башынан бери эле иши менен далилдеп келатат. Былтыр көрдүңүздөр, Казакстан менен мамиле бузулушунан канча дыйкандын көз жашы суу болуп төгүлдү. Кошуна-колоңдор менен жакшына жашасак, экономика өсөт. Кошуна Кытай экономикасынын өсүү темпи жагынан дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Илгери биздин үйүбүз айылдын четинде болчу. Колхоздун жери сугарылганда биз эгинибизди ошонун майнабы менен эле сугарып алчубуз. Анын сыңарындай, биз да кошуналардын мүмкүнчүлүгүн пайдаланышыбыз керек. Өзбекстан тез темп менен өнүгүп жатат. Тажикстан да бизден ат чабым астыга кетип калды. Алар менен жакшы мамиледе болсок, экономикага чоң түрткү болот. Биз өзүбүз ушуга даяр, ынтызар болушубуз керек.

Керим Мурас

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости