www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Европа Биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов менен жолугушту. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров түркмөн тарапка экономикалык форумдун ишине катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Түркмөнстандын Борбор Азиядагы маанилүү экономикалык өнөктөшү катары саналарын белгиледи.
«Бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыктын, анын катарында энергетика жана транспорт тармагындагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү канааттануу менен белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасы Түркмөнстандын инвесторлору менен кызматташуу жана өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттер үчүн ар дайым ачык», - деди Акылбек Жапаров.
Түркмөн тарап кыргыз-түркмөн кызматташтыгына жана эки эл ортосундагы бир туугандык достук байланыштарды чыңдоого сапаттуу жана жаңы дем берүүдө үстүбүздөгү жылы КР президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон сапарынын маанилүү ролун белгиледи.
Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода көрсөткүчтөрүнүн өсүүсү байкалып жаткандыгына канагаттануусун билдирди, бул өз ара сооданы жогорулатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү далилдейт.
Энергеткалык кызматташуу жаатында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына ташылып жаткан түркмөн электр энергиясынын, анын катарында түркмөн жаратылыш газын ташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөр алкагында биргелешкен Кыргыз-Түркмөн фондун түзүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүү маселеси талкууланды.
Булак: NazarNews.kg