www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки инсан тең элине кызмат кылган, жүздөрү бар, мартабалуу агаларыбыз. Генерал Элмурза Сатыбалдиев Өзгөн районунан бир мандаттуу округдан ат салышууда. Талапкерлерин талдабай эле коёлу, бирок тең келе алышпайт.

Элмурза Ракиевич күнөөсүз соттолуп, саясый айыптын негизинде түрмөгө отуруп, жаманчылыкты көрүп чыкты. Табиятынан дандуу, бышык экен, баардык сыноолорго чыдады. Башкы прокурор кезинде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөгө аракет кылган. Ал эми кийин “супарасы курук кеңешчилик” кызматка кеткенде 7-апрель окуясы болду.

Ошондо бекеринен Роза Отунбаева баш баш болгон, Алмазбек Атамбаев төш сыңарындай жаңы бийликтин башчылары кайрадан Элмурза Сатыбалдиевди жогорку кызматка сунушташкан эмес да. Эгерде кылмыш иши болсо тартышпайт эле.

Демек, дилинде, адамдык сапатында жана ишмердигинде ак адам! Ошон үчүн баа беришкен! Бирок саясый негизде “оюндар жүрүп кетип”, камалууга аргасыздык жаралды... Ал эми Азизбек Турсунбаев 2005-жылдан бери эл өкүлү катары Ала-Бука, Чаткал округунун экономикалык-социалдык көйгөйлөрү үчүн күрөшүп, өкмөттөн маселе чечүү алкагында көп иштердин өтөсүнө чыкканын жарнама кылгыбыз келбейт. Андан сырткары да жеке көмүскө жардамдары толуп атса керек...

Азырынча мактабай туралы. Эң башкысы, ал көп жылдан берки элдин сүймөнчүгүнө айланган! Кыскасы, Элмурза Сатыбалдиев да, Азизбек Турсунбаев дагы элге кызмат кыла турган инсандар!. Аны убакыт далилдейт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости