www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акылбек Жапаров атка минерлер үчүн электромбилдерди тандап жүрөт жана өзүнүн үй-бүлөлүк тоюна даярданууда. Мындай пикирин экономист Эмил Ашымбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалып жатканда, Акылбек Жапаров өлкө президентине да, Жогорку кеңештин депутаттарына дагы – 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 280 млрд сомго жеткирем, ал эми 2022-жылы ал 400 млрд сомго жетет деп айтып, аларды ишендирген.
Бирок мына, 21-декабрда өткөн парламенттик угууда каржы министри Алмаз Бакетаев – 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 203 млрд 563,5 млн сом болот деп билдирди, бюджеттин таңкыстыгы болсо 9,1 миллиард сом, же дүң өндүрүмдүн 1,3 пайызына барабар болот деп пландалган.
Андан тышкары, ал таңкыстыкты жабыш үчүн министрлер кабинети – жалпы баасы 8 млрд 90 млн сомго жеткен мамлекеттик баалуу кагаздарды да чыгарып-сатууга даярданууда, анткени 2021-жылы 8,4 млрд сом болот деген бюджеттик таңкыстык бир жылдын ичинде 19,2 млрд сомго жетткен.
Сомдун наркын колдоо жана бюджеттин таңкыстыгын жабуу максатында Улуттук банк быйыл 650 млн доллар сатты, акыркы интервенция 8-декабрда жасалган жана 71,3 млн доллар сатылган.
Мурда Кыргызстан Стабилдештирүү жана өнүгүү боюнча евразиялык фондко (ЕФСРке) кайрылып, 100 миллион долларлык насыя сураган, бирок ал бизге берилбейт, анткени 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттик таңкыстык болбостон, тескерисинче, профицит болгон. Бюджетти профицит менен Кыргызстан 2024-жылы гана аткара алат деп ал кезде каржы министринин орун басары болуп иштеген Бакетаев сентябрда эле билдирбеди беле?
Мунун баарын кантип түшүнсө болот? Министрлер кабинети эмне үчүн элден карыз сураганы ниеттенип турганы өзгөчө түшүнүксүз, анткени 9-декабрга карата мамлекеттин ички карызы 63 млрд 247 млн 392,1 миң сомго жетип, тышкы карыз менен теңелип калды.
Мен мурда көп жолу билдиргендей, турмуш реалдуулугу Акылбек Жапаровдун популисттик сөздөрүнө дал келбей жатат. 7-декабрда ал Нур-Султан шаарында казак өкмөт башчысы менен жолукканда, жайкы сугат мезгилинде Токтогул суу сактагычынан Казакстанга суу берилгенин биз Аскар Маминден угуп жатабыз.
Бирок дал ошол мезгилде биздин өзүбүздүн фермерлерибизге суу жетпей, алар түшүмсүз калып, ыйлап отурган. Андан мурда болсо биз тажик энергетика министринен – Кыргызстанга эч кандай энергия экспорту болгон жок дегенди укканбыз. Ошондон кийин кыргыз энергетиктери кыргыз жарандарынын үйлөрүн кыдырып, электр энергиясын үнөмдөш керек деп, жылыткыч аспаптарга пломба иле баштабады беле.
Кумтөрдө эмне болуп жатканын коом так билбейт, ишкерлер менен ЖК депутаттары жаңы Салык кодексине каршы, баалар өсүп баратат, киреше жок, америкалык грин-карта алабыз дегендер фотосалондорго кезекке үйүлө баштады, БШК шайлоо жыйынтыгын чыгара албай убара, машинеси менен жолго чыккандар жакында ал жол үчүн акча төлөй баштайт, турмуш кымбаттап, абал начарлап гана баратат, түнгуюктун аягында болсо жарык көрүнбөйт.
Бирок Акылбек Жапаров атка минерлер үчүн электромбилдерди тандап жүрөт жана өзүнүн үй-бүлөлүк тоюна даярданууда. Бизге ушундай улуу мамлекеттик ишмер керекпи? Жөнөкөй жарандар үчүн Акылбек Жапаровдун кызматтан чегиниши – эң туура жаңы жылдык белек боло тургандай.
Булак: NazarNews.kg