www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын бюджети 2024-жылга барып профицитке чыгат. Бул туурасында финансы министри Алмаз Бакетаев ЖКнын тармактык комитетинде 2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга божомолун бекитүү мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы бюджеттин дефицитинин көлөмү азайышы пландалууда. Ал эми 2024-жылы 8,3 миллиард сом өлчөмүндө профицит болжолдонууда. Бул сумма өлкөнүн карызын жабууга жумшалат.

Белгилей кетсек, 2022-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда кирешеси 282,1 миллиард сомду түзүп, чыгаша бөлүгү 291 миллиард сомго жетет. Муну менен дефицит 9,1 миллиард сом деп белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости