www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нидерландынын Делфт техникалык университетинин адистери “акылдуу” төшөлгөн жол ойлоп табышты. Анын өзүн калыбына келтирген жана электркарларга заряд берген функциялары бар. “Акылдуу” асфальттын сыры – болоттон (сталь) жасалган була аркылуу ток жиберилет. Мындай төшөлгөн жол бир аз бузулган жерлерди жылытуу жолу менен калыбына келтирет, ошондой эле электромобилдерди жүрүп бараткан жеринен заряд берип турат. Жаңы төшөлгөн жолдун баасы кадимки асфалть жолдон 25% кымбат, бирок ишенимдүүлүгү эки эсе жогору, Голландия жол иштерине короткон чыгымдан жылына 100 млн евро үнөмдөп калат. Азыркы тапта “акылдуу” асфальтты 12 трассада текшерип жатышат. Мурда Улуу Британияда биринчилерден болуп иштетилген пластиктен жол салышкан.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости