www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде чоң жол кырсыгы болгон. Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган.

4-шаардык ооруканадан ырчы Асель Кадырбекова өтө оор абалда жеткирилгенин, азыркы учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын журналисттерге билдиришти.

"Ал баш мээсинен ачык жаракат алган. Акыреги, моюн сөөгү сынган жана башка жаракаттары да бар. Эс-учуна келе элек. Ден-соолугу өтө оор деп бааланат", - деди оорукананын директору Алмазбек Кубатбеков.

Эске салсак, жол кырсыгы 26-июнда саат 15:30 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Одиссей" жана "Тойота Камри" унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган: экөө Honda унаасында, үчүнчүсү-айдоочу Асель Кадырбекова Toyota Camry үлгүсүндөгү унаада болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости