www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы суткада 742 кишиден коронавирус илдети катталды

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны улам өсүп жатат. Акыркы суткада эле 742 киши ооруп калды. Кечээ өлкөдө "омикрон" штаммы катталды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталгандыгын билдирди.

"Омикрон" — коронавирустун жаңы штаммы. Ал тез жуккандыгы менен айырмаланат. Ооруну илештиргенден кийин эле белгилери байкала баштайт. Кыргызстанда азыр канча киши "омикрон" штаммын жуктуруп алгандыгы белгисиз.

Маалыматтарда "омикрондун" мутациясы абдан көп экендиги айтылат, тагыраагы, белокто 32ге чейин өзгөрүү кездешкен. "Дельтадан" тез жуккандыгы менен айырмаланат. Аны эл көп топтолгон имаратта илештирип алуу ыктымалдыгы өтө жогору.

Саламаттык сактоо министрлигинен инкубациялык учур киши вирусту жуктурган мезгил экендигин, бирок клиникалык белгилери али пайда боло элек учур болорун айтышты. COVID-19 үчүн бул 14 күндүк мөөнөт болгондуктан бейтаптар карантинде кармаларын эскертишти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости