www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабадда тургундар нан сатып алуу үчүн мамлекеттик дүкөндөрдүн ачылышына эки саат калганда — түнкү саат үчтө эле чогулуп, кезекке туруп жатышат.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын редакциясына келип түшкөн видеолордон кеминде жүздөгөн адамдан турган кезектерди көрүүгө болот. Алардын арасында чоңдор менен катар балдар да бар. Алар караңгыда дүкөндүн кире бериштеринде түртүшүп, нааразы болуп, өз ара чырдашканга чейин барган учурлар да болууда.

Дүкөндөдүн көбүнүн алдында тартипти көзөмөлдөө үчүн полиция кызматкерлери да коюлган.

"Адамдар ачка кезде полиция деле эч кандай жардам бербейт экен. Ачкалык адамдарды кезекке турууга аргасыз кылууда. Андагы тыгылыштан жабыркагандар да болот. Көбүнчө алар жеңил жарааттарды алышат", — деп билдирди "Азаттыктын" кабарчысы.

Анын айтымында, нан тартыштыгы жана дүкөндөрдүн алдындагы кезектер жаңы жылдык майрамдардан кийин күчөгөн.

Түркмөнстандагы мамлекеттик дүкөндөрдө нан 0,6 манаттан (0,03 доллар) жана ар бир кишиге үчтөн гана сатылат. Башка дүкөндөрдө нандын баасы 4 манатка (0,2 доллар) чейин жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости