www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Арменияга кандай кеңеш айтты?

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Ереван үчүн мамилелерди жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн туура баалоо маанилүү экенин айтты.

14-январда Москвада Армения менен Түркиянын атайын өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу болот. Анда Армениянын атайын өкүлү, Армения парламентинин төрага орун басары Рубен Рубинян жана Түркиянын АКШдагы мурдагы элчиси Сердар Килич жолугат.

«Армения басып алган жерлерин Азербайжан бошоткондон кийин Ереван менен болгон мамилесин Анкара нормалдаштыруу иштерин баштады. Күтүлгөн натыйжа бериш үчүн Армениянын узак мөөнөттүү тынчтык мүмкүнчүлүгүн туура баалашы маанилүү», - деди түрк лидери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости