www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өлкө жарандары РФ аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүшү керектигин эске салды.

Элчиликтин кызматкерлери 2021-жылдын 29-декабрдан кийин Россияга иштегенге келген кыргызстандыктардын медициналык кароодон өтүү жол-жоболоруна мониторинг жүргүзүү максатында Москва шаарындагы медициналык уюмдарга барып келген.

Учурда Москвада медициналык текшерүү төмөнкү мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат:

1.Докукина көчөсү, 18 дареги боюнча жайгашкан Москва шаарынын мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемеси;

2.Раменки көчөсү, 27 дареги боюнча Москва шаарынын мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемеси;

3.Сахарово айылы (Варшавское шоссесинин 64-чакырымы) көп функционалдуу миграциялык борбор.

Медициналык текшерүү алардын баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонгон-колдонбогонун, жугуштуу ооруларынын бар-жогун, анын ичинде адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ-инфекциясы) менен шартталган жугуштуу ооруларды текшерүүнү, ошондой эле айрым дарыгерлердин (фтизиатр, дерматовенеролог, инфекционист, терапевт, психиатр-нарколог) текшерүүсүн камтыйт.

"Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы терс болсо, тиешелүү маалымкат берилет. Эгерде изилдөөнүн жыйынтыгы оң болсо же изилдөө жүргүзүлбөсө, күбөлүк берилбейт. Баңгизат же психотроптук каражаттарды колдонуу фактылары же жогоруда көрсөтүлгөн оорулары аныкталса, алардын Россияда болушунун (жашоосунун) максатсыздыгы жөнүндө же өлкөгө кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат", — деп жазылган маалыматта.

Медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн чет өлкөлүк адам ким экенин тастыктаган документти (паспорт, чет өлкөлүк паспорту же кошумча ID-паспорт) жана миграциялык картаны көрсөтүүсү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости