www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОго Украинанын мүмкүн кошулушу Путин үчүн безге тийгендей болду. 1990-жылы НАТО Горбачевду биз чыгышка жылбайбыз деп кур сөз менен бал эмизип социалисттик мамлекеттерде төңкөрүш жасап, мурун 16 мамлекет болсо, НАТОдогу алардын саны 30га чамалаган.

1991-жылы СССРди тараган, андан соң Балтика боюндагы Латвия, Литва, Эстония НАТОго кошулган. Эми экс-СССРден Украина, Грузия, Молдова кезекте турат. Путиндин - биз мурунку Орусия эмеспиз, эми Чыгышка жылбайсыңар деген сөзүнө, НАТО кол шилтеп койду. Вето койо тургандай силер кимсиңер деп коюшту.

Женевада АКШ менен болгон, Брюсселде НАТО менен өткөн, Венада ОБСЕ менен болгон дипломатиялык сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктады. Эми Орусия дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса согуш башталышы мүмкүн деп ачыгын айтып жатат.

АКШ болсо Путин, Мишустин, Шойгу, Лавровду кара тизмеге кошобуз деп опурулуууда. АКШда «Магнитскийдин тизмеси» - деген мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамды бир топ Евросоюз мамлекеттери да колдогон.

Азыр Орусия жана анын тарапташтарына экономикалык жактан басым жасап келаткан АКШ, «өзүнүн кол жоолуктарына» айланып калган «нпошниктер» менен башка батышчыларды акча менен сугарып, СССРди бүлүндүргөндөй эле, Орусия жана анын кызматташтарын бүлүндүрүп-бөлгүсү турат.

Бул кимдерге жакшы? Албетте, Батыштын кызыкчылыгы үчүн, АКШнын «жашылбайларын» алып Мекенин саткандан кайра тартпаган, ошолордун акчалары менен жан багып көнгөн «лжепатриотторубуз» үчүн гана жакшы.

Магнитский 2000-жылдын башында 230 млн долларды орусиянын тиешелүү ыйгарымдуу адамдары жаап-жашырып, уурдап алгандыктарын айгинелеп чыккан. Бирок ушундан соң бул юристти СИЗОго камашып, ал 2009-жылы көз жумган.

СССРди славян мамлекеттеринин батышчыл-демократтары Ельцин, Шушкевич жана Кравчук жок кылган. СССР тараганы Орусияны жети банкир өздөрү билип калган. Алардын колуна түшкөн Орусия экономикалык жактан алсыз мамлекеттер катарына кошулуп, аны менен бирге бүт бөлүнүп кеткен мамлекеттер артты көздөй сүрүлө баштаган.

2000-жылдары мекенчил сезимдери менен Владимир Путиндин Орусия жетекчилигине келиши АКШ сыяктуу Батыш мамлекеттерин чоочуткан. Орусия ШКУ, ЖККУ, ЕврАзЭБ сыяктуу уюмдарын чыңдап, АКШ дүйнөлүк лидер катары саясатты монополиялаштырып алуусуна каршы чыккан.

Ушундай кырдаалда Орусия адам укугун бузуп жатат деген шылтоо менен 2012-жылы «Магнитскийдин тизмесин» Конгресстен өткөзөт. Мурун Американын Ак үйүнүнүн сайтында Орусия президенти Владимир Путинди «Магнитскийдин тизмесине» кошуу боюнча аракеттер башталган. Ошол эле убакта бардык орус депутаттарын бул тизмеге кошуу боюнча да демилге болгон.

Бул тууралуу петицияны 25 миң адам колдосо, Ак үй аны карамак. Путин - 12 миң добуш, депутаттар - 50 миң добуш алат. Бирок Вашингтон мындай талаштуу нерселерди Москва менен кеңешип-чечүү жолун карап, петициялар сайттан алынып салынган.

Акыркы болуп жаткан окуялардан улам АКШ Путин, Мишустин, Шойгу, Лавровду кара тизмеге кошобуз деп турат. Бирок алардын кылдары да кыйшайган жок. 2022-жылы Казакстанда чыккан чаң-тополоңду ЖККУ аскерлери баскан соң ЖККУнун кадыр-баркы арта баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости