www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров сурак берип чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү журналисттерге өзү билдирди.

Белгилей кетсек, Мадумаров бүгүн, 14-январда, кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Баш прокуратурага суракка чакырылган. Депутаттын айтымында, ал кийин суракка дагы кайра чакырылат.

Эске салсак, былтыр октябрда президент Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара маселеси чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" да билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости