www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан "коронавирустун омикрон штаммынын тездик менен жайылып жатканына байланыштуу" 15-январдан тартып Казакстан менен чек арасын убактылуу жабат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул чектөөлөр өлкөгө аба каттамдары менен келгендерге жана мекенине кайткан өзбекстандыктарга тиешелүү болбойт. Мындан тышкары чек арадан айдоочулар, дипломаттар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү, студенттер, дарыланууга бараткандар, катуу ооруп жаткан жакынын көрүүгө же каза болгон тууганынын тажыясына бараткандар, ошондой эле Казакстанда туруктуу жашаган өзбекстандыктар жана Өзбекстанда туруктуу жашаган казакстандыктар өтө алышат.

Кыргыз-өзбек чек арасында мындай чектөөлөр киргизилбейт. Болгону Кыргызстандан барган жарандар акыркы 48 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот. Үчүнчү өлкөлөрдөн баргандардан кошумча экспресс-тест тапшыруу талап кылынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости