www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акын Акжол Дооранбек чыгармачыл адамдарга өкмөт жана колунда бар адамдар үй же унаа алып берүүгө милдеттүү эмес деп билдирүү жазып чыкты.
“Чыгармачыл киши экен деп баш калкалаганга үй, алдына машина, казанына аш салып берүү Өкмөттүн же бардарлардын иши, милдети дегенди ким ойлоп тапты өзү?! Азыр капитализм. Өкмөттүн бул тапта мындан мурун, мындан маанилүүрөөк чече турчу маселелери толо. Ошол көйгөйлөр чечилип, тың жашоо жүрө баштаганда гана бул маселелерге кайра кайрылса туура болор...
Кечеги социализмдин шарттарын кыялданып, чыгармачылыкты кесип катары көрүү чоң жаңылыштык. Ушул чакта накта чыгармачылык менен көр тириликти бирдей көтөрүп жүрүүнүн өзү эрдик экени чын. Анын үстүнө, бул жолду адам өзү тандап алат. Эч кимге милдет кылбай, жүгүн салбай, башка бирөөнүн ийгилигине көз артпай, бирөөгө жакшылык кылып, кубанычына себеп болуп, өзүнүн жашоо образы менен башкага үлгү болуу, жасаган эмгеги менен ким бирөөнүн дилин тазарта алса, адамдык үмүтүн жандыра алган болсо, руханий азык тартуулай алса, дал ушул чыныгы адамдык, андан кийин нагыз чыгармачыл кишинин бул дүйнөдөгү негизги көксөөсү, аткара турчу миссиясы жүзөгө ашты деп билебиз да. Мындан өткөн бакыт, байлык жана сыймык жок болсо керек. Тээ илгертен эле бул принцип ураан болуп келатпайбы...
Турмуштук болумуш менен күнүмдүк тирилигин жүргүзүү тирүүмүн деп өмүр кечирген баарыбыздын эле колубуздан келет. Өрнөктүү, суктанарлык жашап өтүү кыйын иш! Акыркы 10 күндө дүйнө салган зор маданий ишмерлерибиз чын эле өркөнтүү, суктанарлык өмүр кечиришти. Байлыктын, мансаптын артынан чуркап булганышпады жана ошонун айынан кейип кетишпеди... Алардын кыска өмүрү үчүн күнөөлүү, себеп издебейли, бирөөгө айып артпайлы. Алардын улуулугун тепселеп алган болбойлу! Ыраматылык залкар кишилер да ушуну туура көрүшсө керек эле...
Суктаналы, анан да сыймыктаналы!”,-деп жазып чыкты Акжол Дооранбек уулу.
Булак: NazarNews.kg