www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу маалыматты Кыргызгидромет билдирди.

Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Нарында +15… +20, Ысык-Көл аймагында +17…+22 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөп, +22 …+24 градус жылуу болсо, Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +23…+25 градуска чейин жогорулай турганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости