www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 2-майда Кыргызстан Казакстандын Жеңиш эстафетасын өткөрүп алганын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эстафетанын символун өткөрүп берүү аземи "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда болуп, ал эми Бишкектеги Жеңиш аянтында аны Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев кабыл алды. Анын айтымында, Жеңиш эстафетасы КМШ өлкөлөрүнүн чек ара коопсуздугун камсыздоодо бул багыттагы кызматтардын аракеттерин бириктирет.

"Эстафета кара жанын карч уруп, Ата Мекендин эркиндиги менен көз карандысыздыгын коргогон жоокерлердин эрдиги жана баатырдыгы жөнүндө эскерүү болуп саналат. Бул фронтко кетип, тылда эмгектенип келген аталарыбыздын, энелерибиздин жана чоң аталарыбызды эскерүү. Жеңиш эстафетасы бардык өлкөлөрдүн чек арачыларына жоокер биримдиги менен достук жалпы жеңишибиздин негизги кепилдиги экендигин тастыктайт", - деди Шаршеев.

Белгилей катсак, Жеңиш эстафетасы Кыргызстандын аймагында 2-7-май күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Андан кийин символ Тажикстандын чек арачыларына "Бордобо" өткөрмө бекетинде берилет. Акция 28-майда Москвада "Белгисиз жоокердин күмбөзү" мемориалдык комплексинде аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости