www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов  Кыргыз элине Кайрылуу жасады.

"Ассалам Алейкум урматтуу кыргыз элим!!! Акжол уулум баарыбызга жакшы маанай тартуулады окшойт, үй-бүлөбүздөгү кубанычты тең бөлүшкөнүңүздөргө чоң рахмат. Акжол баратканда чемпион болсоң, аэропорттон Хабибти тоскондой тосуп алабыз деп убада берген элем, жалганчы болуп калбайын. Ал 17-сентябрь күнү эртең менен саат 05:10 Манас аэропортуна учуп келет", дейт өз Кайрылуусунда чемпиондун атасы Мухамед Махмудов.

Белилей кетсек,  Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Ал финалда венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыкты. Күрөш башталары менен кыргыз балбаны атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Эске сала кетсек, 8-авустта UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбулла Магомедов Бишкекке учуп келген. Аэропорттон Хабиб Нурмагомедов менен Хасбикти боорсок жана нан менен тосуп алышкан. Андан соң, уюштуруучулар аларды «Арзу» ресторанында дүр-дүйүм коюлган дасторкон менен коноктошкону тууралуу сүрөт видеолор социалдык тармактарга тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости