www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатын эмне үчүн түз эфирде көрсөтө албагандыгына түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылгандай, аталган дүйнө чемпионатынын лицензиясы 2021-жылдын ноябрь айына чейин сатылган. УТРКнын мурунку жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, лицензия жана техникалык чыгымдардын суммасы 50 миң евро болгондуктан, каражат таппай ала алышкан эмес. УТРКга контент сатып алуу жана лицензия алуу боюнча мамлекет тарабынан каражат буга чейин бөлүнгөн эмес.

«Учурда корпорациянын мыйзамы жаңы кабыл алынып, президенттин жарлыгы чыгып, министрлер кабинетинин токтому кабыл алынууда. Келээрки жылга атайын контент үчүн каражат каралууда. УТРК азыркы учурда мындан аркы спорттук иш-чараларды, 2023-жылкы дүйнөлүк мелдештерди чагылдыруу тууралуу лицензия сатып алуунун үстүндө иш алып барууда. Биз буга чейин да спорттук оюндарга демөөрчү болуу тууралуу бир нече абройлуу ишканаларга кайрылганыбызда натыйжалуу жооп болгон эмес», - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатын УТРкнын спорт баяндамачысы Бексултан Үсөналиев кыргыз спортчуларынын ийгиликтерин репортаж түрүндө жеринен чагылдырып, эфирден көрсөтүп жаткандыгы айтылат.

«Мекендешибиз Акжол Махмудовдун ийгилиги тууралуу репортаж уюштуруп эфирге берди. Бирок, лицензия алмайын Спорт каналы дүйнө чемпионаттарын, эл аралык турнирлерди телеканал жана соц.тармак аркылуу түз эфирде чагылдыра албайт. Анткени дүйнөлүк күрөш федерациясы UWW өз контентин толугу менен көзөмөлдөп, коргоп турат.

Спорт күйөрмандарыбыздын тынчсызданганын да туура түшүнөбүз. Алар үчүн мүмкүнчүлүк түзүү тууралуу бир нече эл аралык өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Буга чейинки тынымсыз аракеттерибиз бүгүн натыйжасын берип, Казакстандык кесиптештерибиздин жардамы менен, биз сунуштаган каражатка макул болуп, мындан аркы чемпионаттын жүрүшүн УТРКнын Спорт каналы аркылуу көрсөтө турган болдук.

Бүгүн саат 20.45тен тартып, жарым финалдык жана финалдык беттештерди көрө аласыздар. Биздин спортчуларыбызды сүрөп туралы. Ал эми жаңы тарых жараткан Алтын медаль ээси Акжол Махмудовдун ийгилигин түз эфирдин жүрүшүндөгү тыныгууларда кайталап көрсөтөбүз», - деп айтылат УТРКнын түшүндүрмөсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости