www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Бексултан Махмудов Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде күмүш медаль тагынды.

Турнирге Махмудов 97 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жалпысынан 11 спортчу, анын ичинде эки кыргызстандык ат салышкан.

Үзүр Жусупбеков 1/8 финалдан баштап, Хорватиянын өкүлүн утуп алды.

Чейрек финалда Жусупбеков серб балбанын жеңсе, Махмудов Хорватиянын спортчусунан күчтүүрөөк болду.

Жарым финалда Махмудов кытайлык балбанды утуп алса, Жусупбеков бейтарап желек астында күч сынашып жаткан орусиялык спортчу Артур Саргсянга утулуп калды.

Финалда Саргсян Махмудовду, ал эми Жусупбеков 3-орун үчүн күрөштө хорватты жеңип алды.

Жыйынтыгында Махмудов 2-орунду, ал эми Жусупбеков коло медалга ээ болду.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости