www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акжол Махмудовго Германияда операция жасалды

Өлкөнүн көзгө басар балбандарынынын бири, грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудовдун тизесине Германияда операция жасалды. Маалыматка ылайык, операция бир ай мурун жасалган.

Балбандын  машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов болсо, окуучусу Акжолду жаңы жылга чейин ден соолугун калыбына келтирип, кийинки жылдан тарта мелдешке катышып баштай турганын айтууда. 

Ал эми  Россиянын Олимпиада чемпиону Роман Власов  Акжол Махмудовду жаракаты айыга электе Новосибирскидеги турнирге келип кеткенине ыраазычылык иретинде  социалдык баракчасына билдирүү жазды. Анда Власов Акжолго "Сени менен сыймыктанам, иним! Чыныгы жигитсиң",- деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости