www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды өзөктүк курал колдонуу планы жок деп ишендирди. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги түрк лидеринин басма сөз катчысы Ибрагим Калынга шилтеме берүү менен билдирди.

Ибрахим Калындын айтымында, эки президент тең өткөн жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эрдоган Путинди «мүмкүн болушунча деэскалациялоого» көндүрүүдө.

Калин, фронтто өсүү болбогондуктан ушул убакка чейин «эки тараптын тең согушта жеңүүчү көрүнбөгөнүн» айтты.

Дипломат Түркия дагы бир жолу Орусия менен Украинаны сүйлөшүүгө кайтууга чакырганын кошумчалап, «бул убакыт аралыгында курман болгондордун жана жоголгон аймактардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн», - деди.

Орус президенти Владимир Путин өзөктүк куралдын колдонулушу боюнча такай билдирүү жасап келет. 24-февралдагы согуштун башталышына байланыштуу орустарга кайрылуусунда ал окуяларга кийлигишүүнү чечкендер «өз тарыхында көрбөгөн» жооп алаарын убада кылган.

Сентябрь айында Путин Орусиянын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаралса, «колунда болгон бардык каражаттарды» колдоноорун айткан. Көп өтпөй Орусия Украинанын төрт аймагын аннексиялады.

1-ноябрда Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Украинанын бардык аймактарын кайтарып алуу Орусиянын жашоосуна коркунуч экенин билдирди.

2-ноябрда The New York Times гезити америкалык аткаминерлер арасындагы булактарга таянып, орус генералдары октябрда Украинада өзөктүк курал колдонуу варианттарын талкуулаганын жазды. Ошол эле учурда басылма учурда Вашингтондо Орусия сокку урууга түз техникалык даярдыктарды баштаганы тууралуу эч кандай далил жок экенин белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости