www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Бхаратия Жаната партиясынын мурдагы өкүлү Нипур Шарманын Мухаммед пайгамбар тууралуу айткан сөздөрүнөн улам "Аль-Каида" террордук уюму Индияда теракт жасай турганын эскертти. Бул тууралуу Zee News басылмасы жазды.

Чатак Шарманын теледебат учурунда "адамдар исламий диний китептердин мазмунун шылдыңдашат", ал эми мусулмандар өздөрү, анын сөзү менен айтканда, "индуизм динин шылдыңдашат" деп айткандан кийин тутанган. Бул билдирүүлөр Иран, Катар, Кувейт, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары тарабынан айыпталган. Аталган өлкөлөр Индиянын элчилерин да чакырып, аларга нааразылык билдиришкен.

Өз кезегинде Индиянын өкмөтү жана Бхаратия Жаната партиясы бул билдирүүлөрдөн четтеп, Шарманын өзү кызматтан четтетилген жана партиянын мүчөлүгүнөн ажыратылган. Ага карата тергөө башталып, полиция аны 22-июнда көрсөтмө берүүгө чакырган.

"Аль-Каида" 6-июнда билдирүү жасап, Делиде, Мумбайда, ошондой эле Уттар-Прадеште жана Гуджаратта жанкечтилик кол салуулар болот деп коркуткан. Топтун мүчөлөрү «Мухаммед пайгамбарды күнөөлөгөндөр кечирилбейт» деп, өлүм менен коркутушкан.

Делиде Шарманын өзү жана анын үй-бүлөсү Мухаммед пайгамбар тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин ага карата коркутуулар болгондуктан полиция тарабынан кайтарууга алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости