www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июнь апааты босогобузда турат

Июнь апаатынын башталышынын башкы себеби, бул кежирленүү, амбициялар жана адискөйлүктүн же жетишпегендиги жана да Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопкерсиздиги. Эмне үчүн конституция кабыл алынгандан кийинда декреттер көп кабыл алынган? Себеби, менчиктерди бөлүштүрүү процессин ишке ашырып бүтүрүүгө үлгүрүп, анын чыныгы себептерин жана кийинки кесепеттерин юридикалык жактан чаташтырып таштоо керек болчу. Укуктук хаосту атайылап, билип туруп күчөтүү декреттер аркылуу конституцияда да, мыйзамдарда да каралбаган бийлик органдарын жана кызмат орундарын түзүү менен коштолуп олтурган.

Убактылуу Өкмөт деген, техникалык өкмөт деген, өткөөл мезгилдеги президент дегендер эмне болгон нерселер? Ошондой фиктивдүү, мыйзамдык негиздемелери жок органдарды жана кызматтарды киргизүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле? Мунун себеби эң эле жөнөкөй болчу. Декрет - деген - бул кылмыштуу банда тарабынан чыгарылган жөн гана бош, юридикалык жактан эч кандай күчү жок кагаз. Анан ошол декреттер эч кандай мыйзамга баш ийбеген орой күч тарабынан кыймылга келтириле баштаган. Демек, кабыл алынгандан тартып, алар эч кандай күчү жок актылар жана эч мааниси жок документтер болгон, башкача айтканда, алар кийинки юридикалык себептерди түзгөнгө жөндөмсүз болчу.

Бирок, убактылуучулар аларды эл колдобой коёт же кууп чыгат деп коркушкандыктан улам, кандай жол менен болсо да эптеп легалдашууга аракет кыла башташкан. Ошондуктан, ушундай тополоңдук маалында бардык декреттер кабыл алынып, жаңы бийлик органдары бекитилген. Мындай вакханалия жана мыйзамсыздык мурунку бийлике кызмат кылгандарга, бизнесмендерге жана жөнөкөй жарандарга карата мыйзамсыз күч колдонуу жана куугунтуктоо менен коштолуп жүрүп олтурган.

Адамдарды коркутуу процесси азыр деле уланып келе жатат, массалык маалымат каражаттарында азыркы учур өткөн кылымдагы, 1937-1938-жылдардагы репрессиялар менен салыштырылып жатканы кокусунан эмес. Буга Атамбаев өзү шык берип жатат, ал 7-апрелдеги курмандыктарды эскерүү күнүндө саясатчыларды, басмакана ээлерин жана журналисттерди өлкөдөн кууп чыгуу керек деп айткан.

Өз жарандарын өлкө тышына кууп чыгууга тыюу салган өзүнүн Конституциясын окубаган мамлекет башчысы - Кыргызстан үчүн катастрофа. Декреттер мамлекеттин бүт укуктук системасын туюк мыйзамсыздыкка каптады, эми аны бул абалдан чыгарууга азыркы бийлик аракет да кылган жок, себеби, юридикалык жактан алганда ар бир мыйзамдуу чечилиш убактылуучулар үчүн өлүм менен барабар. Ал эми бир юридикалык түшүнүксүздүк өз артынан дагы көп туюкту пайда кылып, уланып кетип жүрүп олтурат.

Декреттер менен биздин жарандардын, юридикалык тараптардын жеке менчиктерге болгон укуктары бузулган. Ал менчиктердин убактылуучулар тарабынан улутташтырылышы мыйзамды жана соттук чечимдерди кыйгап өтүп, ал объектилердин өзүнө турган наркын төлөбөй туруп жасалган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости