www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда күйүүчү майга болгон баанын өсүшү фермерлердин эгин эгүүгө кеткен чыгымын эки эсеге көбөйттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Огайо штатынын Айыл чарба башкармалыгынын өкүлү Тай Хаггинс билдирди.

2021-жылдын июнь айында дизель майынын галлону 3,19 доллардан сатылса, бул жума ичинде 5,64 долларга жетип тарыхый рекорд коюлду. Салыштыруу иретинде карай турган болсок, 2020-жылдын январь айында, Дональд Трамптын президенттигинин соңку жумасында дизель майынын галлону 3,03 доллар болчу.

"Дизель — айыл чарба тармагы үчүн эң керектүү күйүүчү май. Күнү-түнү иштеген тракторлорго эмне деген май кетет. Былтыр күнүнө 300-400 доллар талап кылынса, быйыл миң долларга жетти", — деди Хаггинс.

Анын айтымында, дизелден сырткары үрөн менен жер семирткичтер дагы кымбаттап, фермерлердин чөнтөгүн жукартууда.

Айыл чарба улуттук федерациясынын маалыматына караганда, АКШда өткөн жылы жер семирткичтердин баасы 300 пайызга өскөн. 2020-жылдын сентябрынан бери аммиак 210 пайызга, карбамид 155 пайызга, суюк азот дээрлик 160 пайызга, жер семирткичтин дагы үч түрү эң аз дегенде үч эсеге кымбаттаган. Баалардын өсүшүнө энергия булактарына кеткен чыгымдардын көбөйүшү, жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости