www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлорунун кеңеши 7-июнда Украинага 1,49 миллиард доллар өлчөмүндө кошумча каражат бөлүү сунушун колдоду.

"Украинада административдик потенциалды сактап калуу үчүн мамлекеттик чыгымдар" деп аталган долбоордун алкагында бөлүнө турган бул каражат согуштук эмес керектөөлөргө — мамлекеттик жана социалдык кызматкерлердин маяналарын төлөп берүү үчүн жумшалат.

1,49 миллиард доллар — Дүйнөлүк банк Украинага бөлүп берүүнү пландаган жалпы 4 миллиард долларлык каржылык жардамдын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Бул долбоорду Улуу Британия, Нидерланд, Литва, Латвия, Италия жана Дания каржылаган. Мындан тышкары долбоорго башка бир катар өлкөлөрдөгү "Донорлордун көп тармактуу максаттуу фондуна" төгүлгөн каражаттын эсебинен да акча которулган.

1992-жылдан бери 90дон ашык түрдүү долбоорлор менен программалардын алкагында Дүйнөлүк банк Украинага бөлгөн жалпы сумма 14 миллиард доллардан ашты.

Дүйнөлүк банк 2022-жылы Украинанын ички дүң өнүмү 45% төмөндөйт деп божомолдоодо. Эл аралык каржы уюмунун билдирүүсүндө Орусиянын кол салуусу Украинанын өнөр жай тармагын бүлгүнгө учуратып, инфраструктурасын талкалап, өлкө калкынын кескин азаюусуна алып келгени белгиленген.

Өз кезегинде батыш өлкөлөрүнүн санкциялары жана чет өлкөлүк компаниялардын массалык түрдө чыгып кетиши Орусия экономикасына катуу сокку урду. Бирок азырынча энергетикалык ресурстарды экспорттоодон түшкөн каражат орус өкмөтүнө бюджеттик чыгымдарды каржылоого мүмкүндүк берүүдө. Эксперттердин божомолуна ылайык, 2022-жылы Орусиянын экономикасы 8,9 пайызга төмөндөйт.

Ал ортодо Орусиянын Украинага кол салуусу глобалдык экономикага да терс таасирин тийгизүүдө. Дүйнөлүк банк быйыл дүйнө экономикасынын өнүгүү божомолун 1,2% төмөндөттү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости