www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Украинага баасы 1 млн доллардан ашкан 19 тонна медикамент жөнөттү.

Закарпатье облусунун башчысы Виктор Микита гуманитардык жардамды 6-июнда алганын билдирди.

Анын айтымында, 19 тоннадан ашуун медикамент жүктөлгөн учак Словакиянын гуманитардык хабына келип конгон, андан ары аны Закарпатьеге ташып келишкен.

Виктор Микита кеп 12 позициядан турган антибиотик жана витаминдер жөнүндө болуп жатканын, жардамдын суммасы 1 млн доллардан ашык экенин белгиледи.

Гуманитардык жардамды согуш жүрүп жаткан аймактардагы аскер медиктерине жана госпиталдарга жөнөтүшөт.

"Жардам үчүн досторубузга, ишкерлерге, өзбекстандык ыктыярчыларга жана Украинанын Өзбекстандагы элчисине чын ыкыластан ыраазычылык билдиребиз", — деди Закарпатьенин башчысы.

Өзбекстан ушуну менен Украинага экинчи жолу гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Биринчи жолу апрелде 34 тонна медикамент, узак мөөнөткө сактоого боло турган азык-түлүк жиберген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости