www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда адам өлтүрүүгө шектелип 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга облустук ооруканадан бычактан алган жаракаты менен 71 жаштагы карыя жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.

"Аталган облустун Алыш айылынын тургуну К.Т. үйгө мас абалында келип, аялы менен уруша кеткен. Шектүүнүн атасы келинине болушууну чечкен. Бул учурда К.Т. атасынын жүрөгүнө бычак сайып, ал алган жаракатынан улам, каза болгон. Шектүү окуя болгон жерден качып кетип, көп өтпөй кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости