www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын салттуу баалуулуктары улам көбөйгөндөн көбөйүп жатат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин жыл сайын өтчү “Жаңы доорго күчтүү идеялар” форумунун пленардык жыйынында билдирди.

Ал кастарын тиккен тараптардын Россияны обочолонтуу боюнча койгон тапшырмасы ойрон болгонун белгиледи.

“Биздин тарапташтарыбыз дүйнөнүн чар тарабында уламдан-улам көбөйүп жатат. Өзгөчөсү, баары биздин салттуу баалуулуктар деп атаган тармактарда отурат. Көрсө ал биздин эле салттуу баалуулук эмес, бардык акыл-эстүү адамдардын да баалуулугу экен”, — деди Путин.

Россиянын лидери кастарын тиккен өлкөлөрдө дагы бул салттуу баалуулуктар үчүн “коопсуздук жаздыгы” жетишерлик деңгээлде чоң жана ишенимдүү экенин белгиледи.

“Ал жакта дагы биздин союздаштарыбыз көп”, — деп жыйынтыктады Путин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости