www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБ алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн берүү, жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Документке өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

"Мыйзамдын максаты былтыр Москва шаарында кол коюлган "Айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн ЕАЭБдин алкагында берүү, жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат", — деп айтылат кабарда.

Айыл чарба продукцияларын сактоого кампа күбөлүктөрүн берүү соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатып, инфраструктураны жакшыртат.

Кампа күбөлүгү — бул кампада товар бар экенин тастыктап, айыл чарба продукциясынын ээсине берилүүчү баалуу кагаз.

Буга чейин депутаттар мыйзам долбоорун карап жатканда айыл чарба министринин орун басары Айнура Туйбаева бул керектүү макулдашуу экенин айтып, маани-маңызын түшүндүрүп берген. Алсак, фермер төө буурчак, кумшекерди кампага сактап коюп, анын күбөлүгү менен насыя алып башка чарбалык иштерине колдонсо болот. Кийин баа көтөрүлгөндө товарын сатып, жакшыраак пайда табышына шарт түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости