www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө жер мунапысы боюнча 40 миңден ашык арыз түштү

Чүй облусунда жер мунапысына байланыштуу кырк миңден ашуун жаран арыз менен кайрылып, анын 19 миңине чечим чыгып, 15 миңден ашык жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

20-февралда Чүйдүн Жаңы-Жер айылында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жыйын өтүп, Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев баштаган тийиштүү органдар, жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Жыйында көпчүлүк тургундар бул аймактагы үйлөрүн совет мезгилинде куруп, бирок керектүү уруксат документтери жок экенин айтышты.

Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберген.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости