www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Аль-Жазира" телеканалынын журналисти Батыш жээктеги Женин шаарындагы израилдиктердин рейди маалында октон көз жумду.

Бул тууралуу Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Палестиналык белгилүү кабарчы Ширин Абу Акле ок тийгенден көп өтпөй жан берген.

Иерусалимдик "Аль-Кудс" гезитинин дагы бир палестиналык журналисти жараат алды.

«Аль-Жазира» телеканалы окуя үчүн Израилди күнөөлөдү.

Израилдик аскерлер билдиргендей, алардын күчтөрү катуу чабуулга кабылгандыктан жооп кайтарууга аргасыз болушкан. Алар "бул окуяны иликтешерин жана журналисттер палестин согушкерлеринен жабыркашы мүмкүн деген версияны карап жатышканын" билдиришти.

Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид кабарчынын өлүмүнө өкүнүчүн билдирип, Палестин администрациясына бул окуяны биргеликте иликтөөнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости