www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкарада мамлекеттик сапар менен жүргөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен "стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү" тууралуу келишимге кол койду.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Токаев менен Эрдоган кызматташууну бекемдөө жөнүндө билдирип, 14 келишимге кол койду.

Эрдоган Токаев менен жолугушуу учурунда Орусиянын Украинадагы согушу талкууга алынганын айтты.

"Украинадагы абалды суверендүүлүктүн жана аймактык бүтүндүктүн негизинде жөнгө салуу боюнча көз караштарыбыз дал келет", - деди түрк президенти.

Москванын союздашы Казакстан Орусиянын аскердик агрессиясын айыптаган эмес, ошол эле маалда Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын жана Донбасстагы сепаратисттик биригүүнү тааныбастыгын айткан.

Нур-Султан менен Анкара соода жүгүртүүнү эки эсеге көбөйтүү планы жөнүндө билдиришти. Былтыр Түркия Казакстандын ири беш тышкы соода өнөктөшүнүн катарына кирген.

"Түрк эли Казакстанга дайыма ачык жана ак ниет экенин жакшы билебиз. Муну дайыма сезип турабыз. Сапар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аскердик-техникалык кызматташуунун мындан ары бекемделишине мүмкүндүк ачат. Өзгөчө эки мамлекет үчүн Эл аралык транскаспий транспорттук каттамынын дараметин колдонуу маанилүү", - деди Токаев

Токаев кеп кылган каттам Кытайдан чыгып, Орусияны айланып өтүп, Европага алып барат. Казакстанды, Каспий деңизинин акваториясын, Азербайжанды, Грузияны басып өтүп, андан ары Түркия аркылуу Европа өлкөлөрүнө жол ачкан транспорттук коридор 2017-жылы ачылган.

Кытай апрелде Орусияны айланып өтүп, Казакстан аркылуу Европага бара турган башка бир темир жол каттамын ачкан. Мартта орусиялык "Ведомости" гезити Кытай Орусия аркылуу Евробиримдикке жүк жетирүүнү токтото баштаганын жазган.

Токаев Түркияны "өтө маанилүү стратегиялык өнөктөш" деп атады. Ал сүйлөшүүлөр учурунда бир миллиард долларга тете соода келишимине кол коюларын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости