www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарына жакын жайгашкан «Ала-Арча» жаратылыш паркында 8-июндан тартып зыяратчылар үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирди.
Бул тууралуу парктын администрациясы билдирди.
Жаңыланган бааларга ылайык, чоңдор үчүн кирүү билети 200 сомдон 250 сомго чейин, ал эми 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн билет 150 сомдон 180 сомго чейин көтөрүлдү. Жети жашка чейинки балдар үчүн кирүү акысыз бойдон калды.
Ошондой эле электромобилдердин парк аймагына кирүү акысы 800 сомдон 880 сомго чейин жогорулатылды. Ичтен күйүүчү кыймылдаткычы бар автоунаалардын паркка киришине мурдагыдай эле тыюу салынган.
Белгилей кетсек, буга чейинки тарифтер 2025-жылдын 1-майынан тартып паркты жаңылоо иштеринин алкагында киргизилген.
Ошондо автоунаа үчүн төлөмдүн ордуна ар бир келген адамдан өзүнчө акы алынуучу система ишке кирген.
Парктын администрациясы тарифтердин кайрадан жогорулатылышынын себептери боюнча өзүнчө түшүндүрмө бере элек.
Социалдык тармактарда жаңы баалар ар түрдүү пикирлерди жаратты. Айрым колдонуучулар тарифтердин көтөрүлүшүн негизсиз деп эсептешсе, башкалары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана аларды коштоп жүргөн адамдар үчүн жеңилдиктер тууралуу маалыматтын жоктугуна көңүл бурушууда.
«Ала-Арча» жаратылыш паркы Кыргызстандагы эң популярдуу туристтик жайлардын бири болуп саналат. Жыл сайын бул аймакка жүз миңдеген туристтер келип, акыркы жылдары паркта туристтик инфраструктура активдүү өнүгүп жатат.