www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Братислава шаарында Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар өттү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-июнда өткөн жолугушууга Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Словакиянын Тышкы жана Европалык иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Марек Эшток катышты.

Тараптар кыргыз-словак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерине токтолушту.

Ошондой эле Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык тууралуу пикир алмашышты.
Жолугушууда 2025-жылдын апрель айында Словакиянын тышкы иштер министри Юрай Бланардын Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар экономика, инвестиция, энергетика, транспорт жана билим берүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Мындан тышкары, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле консулдук-укуктук кызматташтык, эмгек миграциясы, жарандарды социалдык коргоо жана эки өлкөнүн келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү маселелери да талкууланды.

Ошондой эле тараптар БУУ, ЕККУ жана Борбор Азия – Европа Биримдиги форматтарындагы кызматташтыкты жогору баалап, Словакия тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

Последние новости