www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун аймагына кирип-чыгууга чектөөлөр коюлуп, ар бир райондун кире беришине жети санитардык блокпост коюлду. Ошондой эле Ош-Бишкек жолунда катталган кичи автобустардын каттамына тыюу салынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечимди коронавирус илдети менен каршы күрөшүү үчүн облустук штаб кабыл алган.

Белгилей кетсек, облус аймактарында коронавирус көп катталып жатканына байланыштуу блокпосттор эскертүү катары коюлду.

"Бир аймактан экинчи аймакка жолго чыккан жүгүнчүлөрдүн санын кыскартып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мисалы, жеңил унаада 5 орундукта бара жаткан жүргүнчүнүн санын 3кө чейин кыскартуу жана 20 орундуу кичи автобустардагы жүргүнчүнүн санын 10 адамга чейин кыскартууну айтып жатабыз"-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жарандар сөзсүз түрдө аралыкты сактап, бет кап тагып жана ар биринде коргоочу каражаттар болуусу шарт.

Белгилей кетчү жагдай Ала-Белде кар жааганына байланыштуу автобустар менен Бишкекке каттоого тыюу салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости