www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 28–29-30-январь күндөрү атайын бекитилген графикке ылайык Ала-Бука айыл аймагына караштуу Кашкалак, Ызар, Өрүктү жана Ала-Бука айылдарында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Руслан Айтбаевдин жергиликтүү тургундар менен жолугушуулары өткөрүлдү. Бул тууралуу Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Жолугушууларга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Абдибаит Азимов, райондук мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү кеңештин төрагасы жана депутаттары катышты.
Жыйындардын жүрүшүндө Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Абдибаит Азимов айыл аймакта 2025-жылы жергиликтүү бюджет тарабынан аткарылган иштер жана 2026-жылга карата коюлуп жаткан пландар тууралуу кеңири баяндама жасады.
Ал эми райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Руслан Айтбаев райондо жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы приоритеттүү багыттар боюнча маалымат берди.
Андан соң эл менен суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, көтөрүлгөн маселелерге тиешелүү мекеме жетекчилери тарабынан жооптор берилди. Жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер айыл өкмөтүнүн жылдык иш-планына киргизүү үчүн жазылып алынды. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мекемелерге конкреттүү тапшырмалар берилди.