www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде “Эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагындагы орусча-кыргызча терминдер сөздүгүнүн” бет ачары өттү. Бул тууралуу ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ТИМдин кызматкерлери жана Улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышты.
Презентациянын ачылышында Ж.Кулубаев эмгектин практикалык маанисин баса белгиледи. Анын айтымында, сөздүк дипломаттар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана эмес, кеңири коомчулук үчүн да талап кылынган маанилүү курал болуп саналат. Министрдин пикиринде, бул басылма кыргыз тилиндеги эл аралык терминологияны бирдиктүү кылууда жана системдештирүүдө негизги ролду ойнойт.
ТИМ башчысы сөздүк Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин, ошондой эле тиешелүү жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгүнө активдүү киргизилерине ишенимин билдирди.
Өз сөзүндө Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында мамлекеттик тилди жайылтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду, ошондой эле жаңы сөздүктүн атамекендик дипломатиянын өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.
Ал мамлекеттик тил желек жана герб менен катар эле мамлекеттүүлүктүн негизги атрибуттарынын бири экенин баса белгилеп, аны сактоо жана өнүктүрүү үчүн жоопкерчилик Кыргызстандын бардык жарандарына жүктөлөрүн айтты. Ушуга байланыштуу М. Мураталиев кыргыз тилин, маданиятын жана салт-санаасын эл аралык аренада жайылтууда олуттуу потенциалга ээ болгон алдыңкы мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ролуна өзгөчө токтолду.
Ошондой эле катышуучуларга “Айтил” платформасы жана кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетүүгө багытталган “Кыргызча оңой” уюлдук колдонмосу деп аталган Улуттук комиссиянын санариптик долбоорлору тааныштырылды. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлерге жана жарандарга мамлекеттик тилде расмий документтердин бирдиктүү үлгүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылган document.gov.kg порталынын иши көрсөтүлдү.
Маалымат үчүн: Эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагындагы орусча-кыргызча терминдер сөздүгү 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Г. Байымбетова, Н. Жусубакунова жана В. Туманова тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, ошондой эле Кыргыз энциклопедиялык жана терминологиялык борборунун колдоосу менен жарык көргөн. Сөздүктө эл аралык мамилелер жана дипломатия чөйрөсүндөгү негизги терминдер жана сөз айкаштары, ошондой эле мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын аталыштары камтылган.