www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ардагери, полковник Дуйшенбаев Айбек Буденалиевич 54 жаш курагында күтүүсүздөн мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Айбек Буденалиевич Дуйшенбаев 1972-жылдын 26-декабрында Талас облусунун Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган. 1992–1996-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин жогорку окуу жайында билим алып, эмгек жолун 1996-жылы Талас облусунун Бакай-Ата райондук Ички иштер бөлүмүндө милициянын инспектору кызматынан баштаган.

Кызмат өтөгөн жылдары ал ар кандай жооптуу кызмат орундарында иштеп, өзүн жогорку кесипкөйлүгү, жетекчилик сапаты жана мекенге болгон берилгендиги менен тааныткан. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү жана улук тергөөчү болуп эмгектенген. Кийин ИИМдин Ички аскерлеринде ар кыл жетекчилик жана штабдык кызматтарды аркалап, 714 жана 705-аскер бөлүктөрүндө жооптуу милдеттерди аткарган.
 

Последние новости