www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Букадагы "Иштамберди" алтын кенинде иштеген 400гө чукул кыргыз жарандары жумуштан айдалды. Жумушчулар жаңы жылга карата өзгөртүлгөн келишимге макул болгон эмес. Мындан улам кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 400гө жакын кызматкерди жумуштан бошоткон.
Маалыматтарга ылайык, компанияда 600дөй кызматкер эмгектенет. Алардын 400гө жакыны жумуштан бошотулса, калган 200ү жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыккан. Учурда компания кызматкерлер жок убактылуу ишин токтотууга мажбур болгон. Кызматкерлердин орточо маянасы 30 миң сомду түзөт.
Эске салсак, "Иштамберди" алтын кени 2015-жылдын 20-сентябрында иштей баштаган.
Булак:NazarNews.kg