www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука районунун 80 жылдыгы өтөт

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусунда Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракесин 2017-жылдын 23-майында өткөрүү пландалууда. Маараке областык деңгээлде уюштурулуп, ага республикадагы областардан, район, шаарлардан коноктор чакырылып, жогорку кызматтагы жетекчилердин катышуусу күтүлүүдө.

Мааракенин урматына спорттук жана улуттук оюндар уюштурулуп, байгелер коюлмакчы. Андан сырткары боз үйлөр тигилип,  концерттик программалар жана театрлашкан оюн зооктор келген конокторго тартууланат.

Улуттук оюндардан Көк-Бөрү, Торпок улак, Күлүк чабыш, Кыз куумай, Эр оодарыш , Алыш күрөшү жана спорттук оюндардан волейбол боюнча командалык мелдештер өткөрүлүп баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар коюлган.

Уюштуруучу топтун маалыматына ылайык Көк-Бөрү жана Торпок улак улуттук ат оюндарынын баш байгелерине бирден автоунаалар коюлган. Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракесин уюштуруп өткөрүү боюнча Өкмөттүн Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын буйругу чыгып, уюштуруу тобу түзүлгөн.

Уюштуруу иштеринин башында турган ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ы. Ызабеков атайын иш сапар менен Ала-Бука районуна келип, район автиви менен жыйын өткөрдү. Жыйында мааракени жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөрүү керектиги белгиленип, тийиштүү тапшырмалар берилди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ы. Ызабеков майрамдык маараке өтүүчү жайга барып, даярдык боюнча таанышты. Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракеси Өрүктү айылдык аймагына караштуу Орток -Бел массивинде өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости