www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Букада келаткан дем алыш күндөрү жайма жана мал базар болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Ала-Бука районунун айыл аймактарында жума жана ишемби күндөрү жергиликтүү тургундар үчүн бир күндүк мал базар жана кийим сатуучу жайлар иштеп келген.
Ал эми жекшемби күнү Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун тургундары борбордук базарга келишип жайма базар жана мал базар иштечү.
Мындан ары эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу райондук штабдын чечиминин негизинде бул базарлар ишин убактылуу белгисиз мөөнөткө токтотот.
Буга байланыштуу Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери жогорудагы базарлардын баарында эскертүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Мал базарына алыскы аймактардан келүүчү тургундарга убара тартып келбөө керектиги эскертилген. Жугуштуу илдет азыркы учурда азайбай жаткандыгы, тургундар бул кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алып, оору менен күрөшүүдө жоопкерчиликтүү болуу керектиги айтылган.
Башка райондордон келүүчү тургундарга алдыдагы күндөрү жайма жана мал базарлар болбой тургандыгы жөнүндө маалыматтар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жеткирилүүдө.
Мындан сырткары милиция кызматкерлери көңүл ачуу борборлорунда, соода түйүндөрүндө, коомдук тамактанууу жайларында санитардык эрежелердин сакталышын санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте текшерүүгө алышууда.
Булак: NazarNews.kg