www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19га каршы вакциналар семиз адамдар үчүн жакшы натыйжа бербей калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Нижегород мамлекеттик университетинин Улуттук биология жана биомедицина институтунун директору Мария Ведунованын белгилешинче, ашыкча салмагы бар адамдар өнөкөт иммундук жетишсиздикке ээ, ошондуктан эмдөөнүн натыйжалуулугу башкаларга караганда төмөн болот.

Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Новосибирск мамлекеттик университетинин табигый илимдер факультетинин биотехнология жана вирусология лабораториясынын башчысы Сергей Нетесов вакцинанын активдүү заттары организмге кан агымы менен жайылышына май катмары бир топ тоскоолдук жаратарын айтат.

Азырынча семиздик менен жабыркаган адамдарга коронавируска каршы вакциналардын натыйжасыздыгы жөнүндө изилденип тастыкталган расмий маалыматтар жок.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости