www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия: Жаңы жылдык фейерверк болбойт

Бишкек мэриясы быйыл Жаңы жылдык салют уюштурбай турган болду. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева бүгүн, 9-ноябрда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, шаарды кооздоо үчүн жаңы жасалга да сатылып алынбайт:

“Жаңы жылдык фейерверктен жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну чечтик. Шаардын көчөлөрүн жана башкы аянтты кооздоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон жана көрүнүктүү жасалгалардын бардыгы колдонулат”.

Вице-мэр үнөмдөлгөн акчага майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ардагерлерге белек-бечкек сатылып алынарын айтты.

Эске салсак, былтыр, 2019-жылы борбор калааны Жаңы жылдык майрамдарга карата кооздоого шаардык бюджеттен 6 миллион 800 миң сом, 2018-жылы 5 миллион сом каралган.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу жазында баш калаада ишкерликтин көпчүлүк түрлөрүнө чектөө киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости