www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-ноябрда УКМК “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү Кыргызстандын М.А. аттуу жаранын кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-ноябрда кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, М.А. конституцияга каршы чакырыктарды ачык айтып, Кыргызстанда тыюу салынган Хизбут-Тахрир диний-экстремисттик уюмунун идеологиялык принциптерин жана идеяларын жайылтышкан.

Бул факт боюнча, сотко чейинки процесстин материалдары КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча катталды.

Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости