www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн барганда "Орто-Сай" базарынын кире беришинде бир топ көйгөйгө туш болушту. Бул тууралуу Октябрь районунун акими Константин Куценко билдирди.

Анын айтымында, өрт өчүрүүчүлөр жерине 5-10 мүнөттүн ичинде жеткен. Бирок тоскоолдуктарга туш болгон.

"Андай учурда 10 мүнөт өтө маанилүү, көп нерсени чечип коет. Өрт өчүрүүчүлөр жолду тороп, тоскоол болгон нерселерди өздөрү алып, жылдырууга мажбур болушкан", — деди Куценко.

Ал аталган объектиде бул сыяктуу кырдаал жаралбаш үчүн кандай иштер аткарылганын билүү максатында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайрылды. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөргө эмнелер тоскоол болгондугу тууралуу толук маалымат берүүнү суранды.

Эске салсак, 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Өрт түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости