www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жаткан митингде кайрадан чуу чыкты. Трибунада "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков сүйлөп жатканда "Чоң казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев микрофонду тартып алууга аракет кылды. Ортодо кайым айтышуу чыгып, ага сөз берилген жок.
Бир нече убакыттан кийин Жапыкеев кайрадан сөз алып, акцияны токтотпоого чакырды.
Бүгүнкү митинг алгач Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын кеңсесинин алдында башталган. Апрель ыңкылабынын курмандыктарына коюлган эстеликтин жанында "Социал-демократтардын" өкүлдөрү сүйлөп, шайлоонун жыйынтыгын сындап жатканда "апрелчилербиз" деген топ келип, тоскоолдук жаратышкан. Ушундан улам "социал-демократтар" борбордук аянтта өтүп жаткан башка партиялардын нааразылык акциясына кошулушкан
Булак: www.azattyk.org