www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-мартта Биринчи Май райондук соту Биринчи Май акимчилигинин “Тынч чогулуштарды өткөрүү жерлерин чектөө жөнүндө” чечимин мыйзамдуу деп тапты. Ошентип, 30-июнга чейин борбор калаанын борбордук бөлүгүндө тынчтык митингдерди өткөрүүгө тыюу салынды.
Райондук администрация өз билдирүүсүндө Биринчи Май району борбордун борбордук бөлүгү болуп саналарын анда стратегиялык маанидеги объектилер: Жогорку Кеңеш жана Жогорку Сот жайгашканын, ошондой эле борбордук аянт бар экенин жүйө келтирген.
Буга байланыштуу акимчилик 1-апрелден 30-июнга чейин «Ала-Тоо» аянтында ар кандай тынчтык митингдерди өткөрүүгө тыюу салып, аларды Горький аянтына жылдырууну чечти. Мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларга гана уруксат берилет.